БШК У. Б. Л. Тольбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

18 ноября 2020

18-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Бабыржан Латиханович Тольбаевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Асель Туратбековна Хамзееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б. Л. Тольбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,

2. Анна Борисовна Пакты Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б. Л. Тольбаевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.  

Чечим 2020-жылдын 16-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Б. Л. Тольбаевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү