БШК А. Д. Маматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

18 ноября 2020

18-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Адилет Джанышбекович Маматовдун  төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Саламат Темирбекович Ахматовду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Д. Маматовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,

2. Айбек Талантбекович Эргешбаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Д. Маматовдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.  

Чечим 2020-жылдын 16-ноябрындагы А. Д. Маматовдун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү