БШК Б.С. Жумагуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
18 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жумагулов Бакытбек Сатымбайевичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
1. Суранова Перизаткан Юлдашалиевна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.С. Жумагуловдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп болуп катталсын;
2. Эшимгожоева Нуржан Жолдошбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.С. Жумагуловдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
Чечим Б.С. Жумагуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 17-ноябрындагы түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
