БШК К.С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
18 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳткөн К.С. Асановдун мурда катталган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн кайра чакыртып алуу жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө 2020-жылдын 17-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып төмөнкүдөй токтом кылды:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы №341 токтому менен катталган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Усекеева Атыргүл Шаршенкадыровнаны каттоо жокко чыгарылсын.
2. Абдыкасымова Гүльзат Тилекматовна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
БШК маалымат бөлүмү
