БШК бир нече айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

18 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Атаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №192 буйругу менен Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы Сагындыкова Салтанат Бейшеевна өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №53 буйругу менен Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы Касымов Батырбек Канатбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 11-ноябрындагы №581 буйругу менен Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №608 буйругу менен Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Марипов Бакытбек Асамидинович Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү