БШК К. С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Курсан Сатарович Асановдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:
1. Алмазбек Жолдошбекович Жолдошбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. С. Асановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,
2. Атыргул Шаршенкадыровна Усекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. С. Асановдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.
Чечим 2020-жылдын 16-ноябрындагы К. С. Асановдун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
