БШК А.К. Сегизбаевдин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады
16 ноября 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 16-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Сегизбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Кумушбеков Канатбек Кенешбековичти;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Сегизбаевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевичти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, А.К. Сегизбаевдин 2020-жылдын 16-ноябрындагы арызынын негизинде кабыл алынган.
КР БШКнын маалымат бѳлүм
