БШК А. А. Касеновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер талапкер Аймен Абдыталипович Касеновдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:
1. Виталий Валерьевич Музыкинди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. А. Касеновдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
2. Асыл Есимкуловна Дуйсекулованы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. А. Касеновдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.
Чечим 2020-жылдын 13-ноябрындагы А. А. Касеновдун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
