БШК М.К. Болгомбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Медер Кадыркулович Болгомбаевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:

1. Эркимбаев Данияр Жантаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.К. Болгомбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;

2. Кутманов Кемелбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.К. Болгомбаевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.

Чечим М.К. Болгомбаевдин 2020-жылдын 13-ноябрындагы жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү