БШК Т. А. Акжолтоевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тынчтык Акжолтоевич Акжолтоевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Гульхан Бираевна Борубаеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. А. Акжолтоевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;

2. Раимжан Саматович Хажиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. А. Акжолтоевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.  

Чечим 2020-жылдын 14-ноябрындагы Т. А. Акжолтоевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү