БШК Э.К. Абакировдун ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 16-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эшенов Элчибек Акматбековичти;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Маматалиева Мунара Даниярбековнаны.

 Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн Э.К. Абакировдун 2020-жылдын 15-ноябрындагы  арызынын негизинде кабыл алынган.

КР БШКнын маалымат бѳлүмү