Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылды
16 ноября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 16-ноябрдагы жыйынында, 12-ноябрдагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын 12-ноябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколун бекитүү токтомун кабыл алды.
Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болууга 3 талапкер - райондук мамлекеттик администрациясынан Калыбек Тугонов, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан Жолочу уулу Нурсултан, Эмилбек Капаров көрсөтүлгөн.
Добуш берүүгө Тоголок Молдо айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышкан. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча К. Тугонов - 0 добуш, Э. Капаров - 2 добуш, Н. Жолочу уулу - 9 добушка ээ болду. "Бардыгына каршы" позициясын эч ким колдогон жок.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 12-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча Жолочу уулу Нурсултан Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча арыз жана даттануулар түшкөн жок.
Чечим Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
