БШК Б.О. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

14 ноября 2020

БШК Б.О. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады 

 

Бүгүн – 2020-жылы 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бактыбек Орозалиевич Калмаматовдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды.

1. Мойдунов Мирбек Кудайбердиевичти – КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары;

2. Сыдыкбекова Саадат Насыранбековнаны – КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары.

Чечим ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳткөн Б.О. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 12-ноябрындагы жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

 

БШК маалымат бөлүмү