БШК У. К. Кабылбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

14 ноября 2020

14-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Урустам Кубанычбекович Кабылбековдун  төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Сергей Петрович Бенисовичти Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У. К. Кабылбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,

2. Жанболот Шаршенович Жээнтаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У. К. Кабылбековдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.  

Чечим 2020-жылдын 12-ноябрындагы У. К. Кабылбековдун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү