БШК А.Т.Сыдыковдун ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады
14 ноября 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кырыгз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сыдыков Абдыкаар Токтобековичтин тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ токтом кабыл алды:
1. Омурзаков Капар Айтбаевич - КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары
2. Алышбаев Улан Сагалиевич - КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2,19- пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, А.Т. Сыдыковдун 2020-жылдын 12-ноябрындагы арызынын нрегизинде кабыл алынды.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
