Башкы Жаңылыктар БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. …

БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  И. Ташовдон арыз келип түштү

13-Ноя, 2020

2020-жылдын 13-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1983-жылдын 2-августунда туулган, ОсОО «KG Group» башкы директору Ташов Имамидин Асамидинович  арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 13-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 30 арыз (1 арыз чакыртып алынган – Б. Бакетаев) келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, К. Исаев, А. Сыдыков, С.Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев , Б. Калмаматов, Ж. Камчиев, М. Арстанбек, Т. Уметалиева, А. Малиев, М. Болгомбаев, А. Зарипова, К. Базаркулов, Б. Романов, Т. Жумабеков).

БШКнын маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Клара Сооронкулова Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда,  Сооронкулова Клара Сыргакбековна  Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>