БШК КР Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүн бекитти

13 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 13-ноябрындагы өз жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамынын 7,18 беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү

Эл аралык байкоочунун күбөлүгү – анын статусун күбөлөндүрүүчү документ.

Күбөлүк түстүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө келтирилди.

Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта КР БШКнын логотиби жайгашкан.

Ортосунда "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында Президентти шайлоонун логотиби жайгашкан.

Төмөн жагында күбөлүктүн номуру, күбөлүктүн колдонуу шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: "Эл аралык байкоочу", эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты, өкүлү болуп саналган уюмдун аталышы.

Андан кийин КР БШКнын төрагасынын колу коюлат, ал КР БШКнын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт.

БШК маалымат бөлүмү