Таш-Көмүр шаарынын мэрин  шайлоо дайындалды

13 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 13-ноябрындагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоону дайындады.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2020-жылдын 11-ноябрындагы №570 буйругу менен Жалал-Абад облусунунТаш-Көмүр шаарынын мэри  Асаналиев Ракматилда Алпаязович«Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына дайындалды.

Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.

Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясыга шайлоонуКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен  өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү