БШК Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
13 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 13-ноябрында өз жыйналышында Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 11-августундагы № 104-р буйругу менен Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Аманкулов Эмир Эркинбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, БШК Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн деп токтом кылды.
БШК Панфилов аймактык шайлоо комиссиясыга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурууну тапшырды.
КР БШК маалымат бөлүмү
