БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. К. Сооронкуловадан арыз келип түштү
11 ноября 2020
БШКга 2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылы 18-мартта туулган, "Укук мектеби" коомдук уюмунун жетекчиси Клара Сооронкуловадан арыз түштү.
11-ноябрга чейин КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын 12 жаранынан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев) Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн арыздар түшкөн.
БШК Маалыматтык бөлүмү