БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
10 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-ноябрындагы жыйынында, Талас жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге берүү жөнүндө чечимин бекитүү токтомун чыгарды:
Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айылдык кеңешинин депутаты Алмаз Токторович Токторовдун көзү өткөндүгүнө байланыштуу анын мандаты "Кыргызтелекомдун" монтеру болуп иштеген Болотбек Орозбекович Тууганбаевге тапшырылды.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылдык кеңешинин депутаты Бакыт Шүкүрович Зарлыковдун жеке арызына ылайык анын мандаты #5-бала бакчанын кароолчусу болуп иштеген Жеңишкүл Кыдыковна Тулобаевага ыйгарылды.
Токтом "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Талас жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери боюнча кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
