Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо дайындалды
10 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-ноябрындагы жыйынында Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындады.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2020-жылдын 29-октябрындагы №527 буйругу менен Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэри Шабданов Данияр Автандилович «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
2020-жылдын 28-октябрында Д.А. Шабданов «Кара-Балта шаарынын мэрин ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын вице-мэрине милдеттерди жүктөө жөнүндө» Кара-Балта шаардык кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы №1 буйругун жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доо менен Чүй облусунун административдик сотуна кайрылган.
2020-жылдын 3-ноябрында Д.А. Шабданов административдик доону кайра чакыртып алган.
БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясыга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
