БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Р.Б. Тагаевден арыз келип түштү

10 ноября 2020

БШКга 2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү менен Р. Б. Тагаев аттуу жаран арыз менен кайрылды. Р. Б. Тагаев 1958-жылы 21-августта туулган, "Ошгаз" филиалынын директору.
Эске салсак, 2020-жылдын 10-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары 10 жарандан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев) арыз түшкөн.БШК Маалыматтык бөлүмү