Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган жок

09 ноября 2020

2020-жылдын 9-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды, себеби талапкерлер  айыл кеңешинин депутаттарынын тиешелүү сандагы добушуна ээ болушпады. Жалпы депутаттардан 16сы катышты, 5и катышкан жок.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 6-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ошондой эле "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык, кайра шайлоо дайындалды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү