БШКга Кыргыз Республикасынын Президентине кызматына талапкер С.А Турдумалиевден арыз келип түштү

05 ноября 2020

2020-жылдын 5-ноябрында КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1954-жылы 28-августунда туулган, «Комплекстүү жабдуу борборунун» башкы директору,  «Улутман» республикалык партиясы» саясий партиясынан кѳрсѳтүлгѳн Турдумалиев Сазыкбай Абдрахманович арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 5-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 8 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз(А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков).

БШК маалымат бѳлүмү