БШК мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
04 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-ноябрындагы ѳзүнүн жыйынында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнүн мурда токтотуу жана депутаттардын бошогон мандаттарын шайланган депутаттардан кийин турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин дептуаттыгына талапкерлерге берүү жѳнүндѳ Жалал-Абад жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекиткен токтом кабыл алды.
Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаардык кеңешиндеАзизов Оятулла Нематулаевич бир жылдын аралыгында тѳрт жолудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйѳлүү себептерсиз катышпагандыгына байланыштуу (Жалал-Абад шаардык кеңешинин 28. 10. 20-ж. № 3 токтому). Мандат жеке ишкерСолтоев Элдар Максатбековичке ѳткѳрүлүп берилди.
Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айылдык кеңешинде Абдылдаева Махабад Асангазиевна каза болгондугуна байланыштуу. Мандат фермер Абдырасулов Сталбек Кыдырмаевичке ѳткѳрүлүп берилди.
Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Жалал-Абад жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалыматбѳлүмү
