Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланган жок

04 ноября 2020

2020-жылдын 4-ноябрына дайындалган Ош облусунун Өзгѳн районундагы Ак-Жар айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын зарыл керектүү добуштарын албагандыгына байланыштуу болгон жок. Депутаттардын жалпысанынан  20 депутат катышкан, 1 депутат катышкан жок.

«Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна, ошондой эле  «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат.

КР БШК маалыматбѳлүмү