БШК үч коомдук байкоочуну каттады
03 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 3-ноябрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине “Жалпы иш” коомдук фондунан төмөнкү байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кылды:
- АсылбековТаалайбек Спартаковичти,
- Бобушев Сейт Рысбековичти,
- Аалиев Тариэл Муратбековичти.
Ошондой эле катталган байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү чечими кабыл алынды.
Чечим Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
