Кааров Батырбек Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

02 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Кааров Батырбек Дыйканбаевич жана Арынов Абабакир Абдыкалыковичкатталган, талапкерлер жергиликтүү кеңешинин депуттарынан сунушталган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кара-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын бардыгы катышып, Кааров Б.Д. - 14 добуш, Арынов А.А. - 6 добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш катталган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын30-октябрындагыпротоколу мененКааров Батырбек Дыйканбаевич Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

КР БШК маалымат бөлүмү