Бактыгул Ахматов Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
02 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Ахматов Бактыгул Сооромбаевич катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ананьев айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 15 депутаты катышып, Б.С. Ахматов 15 добуш алган.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 26-октябрындагы протоколу менен Ахматов Бактыгул Сооромбаевич Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
