Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана …

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы

31-Окт, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген

Мамлекеттик порталда www.tizme.gov.kg2020-жылдын 10-ноябрынын кошуп алганда шайлоочулардын алдын ала тизмеси жайгаштырылат, ал жерден шайлоочулар ѳзү жѳнүндѳ маалыматтарды тактап алса болот. Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2020-жылдын 18-ноябрын кошуп алганда тийиштүү шайлоо комиссияларында илинип коюлат.

Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер белгилүү болгон, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болуп калган учурда шайлоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн (ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары жашаган же жүргѳн адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун кѳчүрмѳсүн, ал жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун кѳчүрмѳсүн) тиркѳѳ менен белгиленген үлгүдѳгү (№ 1 форма)  арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 29-декабрын кошуп алганга чейин кайрылууга укуктуу, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан ѳтѳт. 

2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрын кошуп алганга чейин шайлоочу  мыйзамдарда белгиленген тартипте автороштуруудан ѳтүү менен мамлекеттик порталдагы «Шайлоочунун кабинети» сервизи аркылуу электрондук түрдѳгү арыз менен кайрылууга укуктуу. 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жѳнүндѳ конституциялык Мыйзамга ылайык Президенттин кызматына талапкерлерди кѳрсѳтүү 2020-жылдын 14-ноябрын кошуп алганга чейин жүргүзүлѳт.

Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, 2020-жылдын 3-декабрынын 24:00 саатына  чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет, ал 7 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Колдор коюлган барактарды кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөйт жана кол коюу барактарын кабыл алганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.

Каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 2020-жылдын 6-декбарын кошуп алганга чейин  Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын формасын;

3) паспорттун көчүрмөсүн;

4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;

6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты.

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Мында эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу ылайык келбѳѳчүлүктѳрдү тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул ылайык келбѳѳчүлүктѳр  жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарлайт. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди каттоо 2020-жылдын 14- декабрын кошуп алганда аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен Президенттин кызматына талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, б.а. 2021-жылдын 9-январынын 08:00 саатынан тартып токтотулат.

10-январь – добуш берүү күнү.

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнүн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын

КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ

№

Иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

Шайлоону дайындоо жөнүндө БШКнын токтому

2020-жылдын

24-октябры

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК)

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, жарандарга, саясый партиялардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин башка катышуучуларына кайрылуусу

Шайлоо дайындалгандан кийин

(2020-жылдын

25-октябры)

БШК,

Маалымат бөлүмү

Шайлоону маалыматтык камсыздоо

 

БШКнын шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин

Маалымат бөлүмү

 

БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан обо убактысын, басма аянтын бергендиги же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

7-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

БШКнын жумушчу тобу, маалымат бөлүмү, ЖМК, интернет-басылмалар.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү

(мындан ары – Мыйзам)

 

БШКнын өзүнүн расмий сайтында обо убактысын, басма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө берилген маалыматтарды жарыялоо

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 19 күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

11-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

Маалымат бөлүмү.

Мыйзамдын 22-бер. 20-бөл.

 

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, жарыялоого, шайлоонун натыйжаларын божомолдоолорду, шайлоого байланыштуу башка изилдөөлөрдү жарыялоого (чагылдырууга) тыюу салуу

Добуш берүү күнүнө чейин акыркы 4 календардык күн

(2021-жылдын   

6-январынан тартып)

БШКнын жумушчу тобу.

Мыйзамдын 22-бер. 6-бөл.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторун түзүү

 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын эсептөө үчүн, чет өлкөлөрдө тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча жана аккредитациялаган өлкөнүн компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында шайлоо участокторун түзүү

КРнын ТИМнин сунушунан кийин

ТИМ,

БШК,

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы.

Мыйзамдын 13-бер. 3-5-бөл.

 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү

Шайлоо дайындалган күндөн тартып 11 күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

3-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

ТИМ,

БШК,

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын

19-беренеси,

«КРнын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобонун

9, 11-пункттары

Добуш берүү үчүн жай

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

25-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

АШК, УШК, ЖӨБО.

Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.

 

Добуш берүүчү жайлардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайыктуулугун текшерүү

Добуш берүү күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

3-декабрына чейин) (кошуп алганда)

АШК, УШК, ЖӨБО.

Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.

 

Тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү боюнча кайрылууну жөнөтүү

Шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

10-декабрына чейин) (кошуп алганда)

АШК, УШК. Мыйзамдын 29-бер. 6-бөл.

Эл аралык жана коомдук байкоочулар

 

Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин

Президенттин Аппараты, Жогорку Кеӊеш, Өкмөт,

БШК.

Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл.

 

КРнын Президенти, КРнын ЖКи, КРнын Өкмөтү, КРнын БШКсы тарабынан жиберилген чакырууларынын негизинде байкоочулардын аккредитациясы

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин

БШК.

Мыйзамдын 10-бер. 1-бөл.

 

Коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү жолдомосунун негизинде коомдук байкоочуларды каттоо.

Билдирмелердин келип түшкөнүнө жараша КЭУнун кабарламасынын - жолдомосунун негизинде жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт

БШК, АШК.

Мыйзамдын 10-1-бер.

Шайлоочулардын тизмелери

 

Консулдук каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүү жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 64 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

6-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

ТИМ, Кыргыз Республикасынын тиешелүү

дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери,

МКК.

Мыйзамдын 14-бер. 6-бөл.

 

Ар бир шайлоо участогу, район, шаар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштыруу

Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганда

(2020-жылдын

10-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

БШК

(ПТК жана МК).

Мыйзамдын 14-бер. 4-бөл.

 

Ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизмелерди участкалык шайлоо комиссияларына тапшыруу

Добуш берүү күнүнө чейин 56 календардык күн калганда

(2020-жылдын        

14-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

БШК, АШК, УШК.

Мыйзамдын 14-бер. 7-бөл.

 

Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү

Добуш берүү күнүнө чейин 52 календардык күн калганда

(2020-жылдын

18-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

УШК.

Мыйзамдын 15-бер. 1-бөл.

 

Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу (андагы каталар же так эместиктер жөнүндө)

(1-форма)

Добуш берүү күнүнө чейин 11 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

19-ноябрынан

29-декабрына чейин) (кошуп алганда)

УШК.

Мыйзамдын 15-бер. 2-бөл.

 

Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыздарын кабыл алуу

(2-форма)

Добуш берүү күнүнө чейин 11 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

29-декабрына чейин) (кошуп алганда)

УШК, КР БШКнын системалык администратору.

Мыйзамдын 15-бер. 3-бөл.

 

Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү

Добуш берүүгө чейин 22 календардык күн калганда

(2020-жылдын

18-декабрына чейин) (кошуп алганда)

УШК.

Мыйзамдын 15-бер. 4-бөл.

 

Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка шайлоочулар жөнүндө тизмелерди түзүү, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү УШКга өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 9 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

31-декабрына чейин) (кошуп алганда)

Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери,

МКК,

УШК.

Мыйзамдын 14-бер. 5-бөл.

 

Шайлоочулардын биротоло тизмесин БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда

(2021-жылдын

2-январына чейин) (кошуп алганда)

БШК

 

 

Участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын биротоло тизмесинин илүү

Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

4-январына чейин) (кошуп алганда)

УШК

Мыйзамдын 15-бер. 5-бөл.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу

 

Талапкерлердин, ЖМК, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү

Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча

БШК

 

АШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана шайлоочуларды  идентификациялоо операторлору үчүн окуу тренингдерин өткөрүү

Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча

БШК

Талапкерлердин көрсөтүү жана каттоо

 

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү  

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 56 календардык күн калганда аяктайт (2020-жылдын

14-ноябрына чейин) (кошуп алганда)

Талапкерлер.

Мыйзамдын 49-бер. 2-бөл.

 

Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоо жана аларга каттоо күбөлүктөрүн берүү же талапкер сунуштаган ыйгарым укуктуу өкүлдүккө талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди берүү

Керектүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде

БШК.

Мыйзамдын 19-бер. 4-бөл.

 

Талапкердин сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо

Талапкердин сунуштамасынан кийин

БШК.

Мыйзамдын 20-бер. 2-бөл.

  1.  

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактарын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн берүүсү

Шайлоо күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

3-декабрынын саат 24:00нө чейин)

БШК.

Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.

  1.  

Талапкерди колдогон колтамгалардын аныктыгын текшерүү

Кол коюу барактарын тапшыргандан кийин 8 күндүк мөөнөттө

БШКнын Жумушчу тобу каттоо кызматтарынын кызматкерлерин ишке тартуу менен. Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.

 

Талапкерлерди каттоо үчүн КР БШКга документтерди берүү

Шайлоо күнүнө чейин 34 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

6-декабрына чейин) (кошуп алганда)

БШК.

Мыйзамдын 53-бер. 1-бөл.

 

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин КР Конституциясында коюлган талаптарга ылайыктыгын текшерүү

Жаран өзүн өзү көрсөткөндүгү жөнүндө арыз берген же саясий партиянын чечими берилген учурдан тартып 8 календардык күндүн ичинде

БШК.

Мыйзамдын 50 бер. 4-бөл.

 

Документтердин талапкерди каттоого тоскоол болгон ылайык эместиги жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарлоо

Документтерди кабыл алгандан кийин 24 саат ичинде

БШК.

Мыйзамдын 53-бер.

 

Зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана оңдолгон документтерди БШКга берүү

Кабарламаны алгандан кийин 48 саат ичинде

БШК.

Мыйзамдын 53-бер.

 

 

Мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүү

Шайлоо күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

3-декабрынын саат 24:00 чейин)

БШК.

Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.

 

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо

Шайлоо күнүнө 26 календардык күн калганда

(2020-жылдын

14-декабрына чейин) (кошуп алганда)

БШК.

Мыйзамдын 53-бер. 5-бөл.

 

Талапкерлерди каттоо жөнүндө басма сөзгө билдирүү жарыялоо

Талапкерлерди каттагандан кийин 4- календардык күндөн кечиктирбестен

БШК.

Мыйзамдын 53-бер. 7-бөл.

 

Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу жана талапкерге  же ыйгарым укуктуу өкүлгө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүү

Чечим кабыл алган учурдан тартып 24 саат ичинде

БШК.

Мыйзамдын 53-бер. 4-бөл.

 

Талапкердин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди сотто даттануусу

Чечим кабыл алган учурдан тартып 4 күн мөөнөт ичинде

Талапкерлер 53-бер. 4-бөл.

 

Талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө БШКга жазуу жүзүндө арыз берүүсү

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

7-январына чейин) (кошуп алганда)

Талапкерлер 53-бер. 6-бөл.

 

Талапкерлерге катталган датасын көрсөтүү менен күбөлүктөрдү берүү

Каттагандан кийин 2 календардык күн ичинде

БШК.

Мыйзамдын 53-бер. 8-бөл.

 

Талапкерлердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын, байкоочуларын каттоо

Талапкерлерди каттагандан кийин

БШК.

Мыйзамдын 17-бер. 1-бөл. жана 20-бер.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери

 

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү

Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтойт

(2020-жылдын

15-декабрынан тартып

2021-жылдын

9-январынын саат 08:00гө чейин)

Талапкерлер,

Кыргыз Республикасынын жарандары.

Мыйзамдын 23-бер. 1-бөл.

 

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын берүү

Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтойт (2020-жылдын

15-декабрынан

2021-жылдын

9-январынын саат 08:00гө чейин)

Телерадиоуюмдар.

Мыйзамдын 24-бер. 4-бөл.

 

Талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугун камсыздоо

Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтойт (2020-жылдын

15-декабрынан

2021-жылдын

9-январынын саат 08:00гө чейин)

АШК, БШКнын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Мыйзамдын 22-бер. 9-бөл.

 

Ар бир шайлоо участогунун аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүү

Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Мыйзамдын 27-бер. 3-бөл.

Шайлоону каржылоо

 

Талапкер тарабынан шайлоо фондун түзүү

Шайлоо комиссиясы талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттагандан кийин 4 календардык күндүн ичинде

Ыйгарым укуктуу өкүл.

Мыйзамдын 41-бер. 1-бөл.

 

Мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүү

Шайлоо күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

3-декабрынын саат 24:00гө чейин)

БШК.

Мыйзамдын 52-бер. 7-бөл.

 

Талапкердин атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү

Жума сайын, ал эми БШКнын талабы боюнча – 24 сааттын ичинде

Банк же башка мекемелер, БШК

Мыйзамдын 41-бер. 12-бөл.

 

Шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду талапкерлер тарабынан БШКга тапшыруу

Биринчи финансылык отчет – шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгүн ырастаган документтерди БШКга берүү менен бир учурда;

Экинчи финансылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

2-январына чейин) (кошуп алганда);

Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

17-январына чейин) (кошуп алганда)

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу.

« Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө»

Нускаманын

39-пункту

 

Атайын эсептердеги финансы операцияларын, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар ​​менен эсептешүүлөрдү токтотуу

Добуш берүү күнүнөн бир күн мурда саат 18:00дө

(2021-жылдын

9-январы, саат 18:00)

Көзөмөлдөө -текшерүү тобу.

Мыйзамдын 41-бер. 14-бөл.

Шайлоо бюллетендери

 

Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү (Брайль тамгасында)

Добуш берүү күнүнө чейин 19 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

21-декабрына чейин) (кошуп алганда)

БШК.

Мыйзамдын 30-бер. 2-бөл.

 

Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

2-январына чейин) (кошуп алганда)

БШК

Мыйзамдын 30-бер. 6-бөл.

 

Шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калганда

(2021-жылдын

2-январына чейин) (кошуп алганда)

БШК

Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл.

 

Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө 2-1 календардык күнгө чейин

(2021-жылдын

8-январына чейин) (кошуп алганда)

БШК.

Мыйзамдын 30-бер. 9-бөл.

Добуш берүү тартиби

 

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

7-январына чейин) (кошуп алганда)

УШК.

Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл.

 

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн калганда саат 08:00дөн 20:00гө чейин

(2021-жылдын

9-январы)

УШК.

Мыйзамдын 33-бер. 2-бөл.

 

Добуш берүүнү жүргүзүү

2021-жылдын 10-январы,

(саат 08:00дөн 20:00гө чейин)

УШК.

Мыйзамдын 31-бер. 1-бөл.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө

 

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштыруу жана участкалык шайлоо комиссияларынын жайларынын алдындагы стендге жайгаштыруу

Добуш берүү аяктагандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

12-январына чейин) (кошуп алганда)

БШК,

АШК,

УШК.

Мыйзамдын 35-бер. 23-бөл.

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо

Добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен

(2021-жылдын

24-январына чейин) (кошуп алганда)

БШК.

Мыйзамдын 37-бер. 1-бөл.

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо

Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки күндүк мөөнөт ичинде

БШК

Мыйзамдын 64-бер. 8-бөл.

Кайра добуш берүү (дайындалган учурда)

 

Кайра добуш берүүнү жүргүзүү

Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 күндүк мөөнөт ичинде

БШК

Мыйзамдын 56-бер. 2-бөл.

 

Кайра добуш берүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо

Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен

БШК

Мыйзамдын 56-бер. 2-бөл.

Кайра шайлоо (дайындалган учурда)

 

Кайра шайлоону дайындоо (эгерде шайлоо жараксыз деп табылса, ошондой эле, бюллетенге эки талапкер киргизилип, алардын бири дагы шайланбаса, же болбосо, кайра добуш берүүдө бир дагы талапкер шайланбаса)

Шайлоо жараксыз деп табылгандан кийин бир айдын ичинде

КР ЖК

Мыйзамдын 57-бер.

 

Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо

Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 2 календардык күндүн ичинде

БШК

Мыйзамдын 57-бер.

  1.  

Кайра шайлоону жүргүзүү

Конституциялык мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө

БШК

Мыйзамдын 38,

57-бер.

* «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР КМ 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.

КР БШКнын маалымат бѳлүмү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>