БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Н.А. Нышановдон арыз келип түштү
31 октября 2020
2020-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 20-мартында туулган, «Лига-Антикризис» КБнин президенти Нышанов Назарбек Айтбековичтен КР БШКга арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 31-октябрында карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын 3 жараныдан Президенттин кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев).
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү