БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.К. Мадумаровдон арыз келип түштү

30 октября 2020

КР БШК, 2020-жылдын 30-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынан арыз түшкөндүгү тууралуу маалымдайт.

Биринчи болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1965-жылдын 9-мартында туулган, «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич  2020-жылдын 30-октябрында кайрылган.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү