Башкы Жаңылыктар КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү

28-Окт, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 25-октябрдагы жыйынында тѳмѳнкүдѳй алты жумушчу топту түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу;

- Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ;

- Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобу;

- Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу;

- Ыкчамтаасирэтүүнүнкоординациялыктобу.

Топтор «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланыштуу тѳмѳндѳгү максаттар да түзүлгѳн:

-Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүдѳ жарандардын аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүсүн жанаачык-айкындыкты камсыз кылуу;

- талапкерлер үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүү;

- үгүт жүргүзүүдѳ жарандардын шайлоо укуктарын сактоо;

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү ѳзалдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын аракеттерине (аракетсиздигине) же чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгү;

- республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну конторлдоо, ошондой эле талапкерлердин атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн тартибин  -талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттулуктун эсебин контролдоо.

Ошондой эле КР БШКнын мүчѳлѳрүн тѳмѳндѳгү курамдагы жумушчу топторго бѳлүштүрүү чечилди:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топко -   Эшимов А.Ж., Джилкичиева Е.Ж., Кадыров Б.С., Осмоналиев К.М.;

- Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топко – Бекматов А. Г., Эшимов А.Ж., Асаналиев А.Т., Баатырова Г.М., Джилкичиева Е.Ж., Джурабаева Г.К., Кадыров Б.С., Осмоналиев К.М., Сатыгулов А.С., Шайназаров Т.У.;

- Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин   маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топко – Джурабаева Г.К., Бекматов А. Г., Сатыгулов А.С.;

- Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко – Асаналиев А.Т., Баатырова Г.М., Кадыров Б.С.;

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобуна– Баатырова Г.М., Асаналиев А.Т., Джилкичиева Е.Дж.;

- Ыкчам таасир этүүнүн координациялык  тобуна– Шайлдабекова Н.К., Джурабаева Г.К., Осмоналиев К.М.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>