Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер үчүн документтердин формасы …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер үчүн документтердин формасы жана тизмеги бекитилди

29-Окт, 2020

Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер берүүчү тѳмѳндѳгү документтердин тизмегин жактыруу боюнча токтом кабыл алды:

1.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкердин арызы (Форма №1);
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянын съездинин чечими (Форма №2);
  3. Саясий партиядан кѳрсѳтүлүүгѳ макулдугу жѳнүндѳ талапкердин арызы (Форма №3);
  4. Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу маалымат (Форма №4);
  5. Чет мамлекеттин жарандыгы бардыгы же болбосо жоктугу (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыгы) боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгѳ жазуу жүзүндѳгү макулдугу (Форма №5);
  6. Шайлоолорго катышуудан баш тартуу тууралуу талапкердин арызы (Форма №6);
  7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер жѳнүндѳ маалымат  (Форма №7);
  8. Талапкердин паспортунун кѳчүрмѳсү;
  9. Иштеген же окуган жеринен маалым кат;
  10. Шайлоо күрѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документ.

2. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрдү, шайлоо комиссияларындагы ѳкүлдѳрдү, байкоочуларды каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкерлер берүүчү документтер:

    1. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрдү каттоо үчүн талапкердин арызы  (Форма №8); 
    2. Талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү болууга макулдугу жѳнүндѳ адамдын арызы  (Форма №9);
    3. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдү чакыртып алуу жѳнүндѳ кабарлама   (Форма №10);
    4. Ишенимдүү адамды дайындоо жѳнүндѳ талапкердин арызы  (Форма №11);
    5. Ишенимдүү адам болууга макулдугу жѳнүндѳ арыз  (Форма №12); 
    6. Ишенимдүү адамды чакыртып алуу жѳнүндѳ кабарлама  (Форма №13);
    7. Шайлоо комиссиясына ѳкүлүн дайындоо жѳнүндѳ арыз  (Форма №14);
    8. Өкүлүн чакыртып алуу жѳнүндѳ кабарлама  (Форма №15);

Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер берүүчү тѳмѳндѳгү документтердин формасын бекитти:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкердин арызынын формасы (№1 форма);
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянын съездинин чечиминин протоколунун формасы (№2 форма);
  3. Саясий партиядан кѳрсѳтүлүүгѳ макулдугу жѳнүндѳ талапкердин арызынын формасы (№3 форма);
  4. Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу маалыматтын формасы(№ 4 форма);
  5. Чет  мамлекеттин жарандыгы бардыгы же болбосо жоктугу (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыгы) боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгѳ жазуу жүзүндѳгү макулдугунун формасы(№ 5 форма);
  6. Шайлоолорго катышуудан баш тартуу тууралуу талапкердин арызынын формасы (№ 6 форма);
  7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер жѳнүндѳ маалыматтын формасы  (№ 7 форма);

Белгилей кетсек, 2-пункттун 1, 2, 3, 6, 7-пунктчаларында,  3-пункттун 8, 11, 13, 14, 15-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кагаз түрүндө, ошондой эле машинада окулчу түрдө, анын ичинде “Электрондук талапкер” маалыматтык программасы аркылуу берилет.

Ушул токтом менен бекитилген машинада окулчу түрдөгү документтердин формалары талапкерлер жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо максатында маалыматтык материалдарды түзүү үчүн, ошондой эле мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн пайдаланылат.

Көрсөтүлгөн формалар алынуучу сактагычта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилет.

Токтом БШК тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын                              49, 53-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

Документтердин толук тизмеси менен Приложение №1 тиркемесиден таныша аласыз 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>