БШК «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

29 октября 2020

2020-жылдын 29-октябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Республика-Ата Журт» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичти чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

«Республика – Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичтен БШКга түшкөн арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, БШК Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичти «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылып, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 69 чечиминин талапкери Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичтин каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп деп чечим кылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү