БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Урумкалиева Чинара Чалагызовнага тапшырды
27 октября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, «КСДП» саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Урумкалиева Чинара Чалагызовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Урумкалиева Чинара Чалагызовна КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү

