КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек араларын жана схемаларын бекитишти
04 октября 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү 6 маселени карап чыгышты.
Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан Бишкек, Аксы, Ала-Бука, Ысык-Ата, Москва, Жумгал, Араван, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жана Талас шаардык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү “Чүй облусунун Аламүдүн районун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты жана 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Коомдук кабылдама уюштурушту. Кабыл алынган токтомго ылайык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2012-жылдын 23-октябрына дайындалды.
Мындан тышкары жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек аралары жана схемалары ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналдар бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
