Башкы Жаңылыктар Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун, күрөөнү тѳмѳндѳтүү, жана 2-форма …

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун, күрөөнү тѳмѳндѳтүү, жана 2-форма боюнча арыздарды колдонуу боюнча шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизгенден кийин БШК парламентке кайра шайлоону дайындайт

17-Окт, 2020

2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра шайлоону дайындоо жана уюштуруу маселеси боюнча кеңешме болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындалганга чейин  жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн мыйзам деңгээлинде укуктук шарттарды түзүү маанилүү деп эсептейт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыска мөөнөттө төмөнкүлөрдү карап чыгуу өтүнүчү менен мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылган:

  • парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун, шайлоо күрѳѳсүнүн өлчөмүн тѳмѳндѳтүү маселелери;
  • шайлоо дареги боюнча добуш берүү (2-форма боюнча арыз) укугун колдонуу тартибин шайлоо дарегин бир гана жолу ѳзгѳртүү,  бир облустун чектеринде шайлоо дарегин ѳзгѳртүүгѳ тыюу салуу, ошондой эле арыздарды кабыл алууну добуш берүү күнүнѳ чейин 30 күн калганда  аяктоо бөлүгүндөгү  маселелери;
  • иш-аракеттери шайлоонун натыйжасын жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон саясий партиялардын кайра шайлоого катышуусун мыйзам менен жөнгө салуу маселелери.

Кеңешменин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоонун укуктук жана уюштуруу өңүттөрү талкууланды. Шайлоо дайындалгандан кийин кайра шайлоо эки ай мөөнөттүн ичинде өткөрүлүүгө тийиш. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын 2020-жылы чыгарууга мүмкүнчүлүк болсун үчүн БШК мүчөлөрү шайлоону 20-декабрга дайындоону максатка ылайык деп эсептейт.

Маалымат үчүн:

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт.

Мында шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.  Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>