БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Бердиев Аккулу Тагаевичке тапшырды

16 октября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Бердиев Аккулу Тагаевичти  ЖКнын шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.

БШК токтому менен Бердиев Аккулу Тагаевич КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү