БШК Руслан Казакбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

16 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын  16-октябрындагы өз жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Казакбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын  14-октябрындагы №197 Жарлыгынын негизинде кабыл алынды,  ага ылайык “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык КР БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Русландын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.  

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК маалымат бөлүмү