БШК Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
15 октября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-октябрында өз жыйналышында “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.
Депутат Садык Шер-Нияздын күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
