2020-жылдын 3-октябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

13 октября 2020

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 3-октябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

Саясий партиянын аталышы

Келип түштү

Чыгымдалды

1

“Биримдик”(Единство)” демократиялык партиясы

104 663 800

104 663 799

2

Мекенчил

19 564 546

19 564 546

3

“Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы

8 191 800

8 191 800

4

Мекеним Кыргызстан

142 521 897

142 503 472

5

Реформа

7 900 142

7 899 982

6

 “Ата Мекен” социалисттик партиясы

52 833 288

52 833 288

7

Замандаш

41 707 659

41 707 659

8

Бүтүн Кыргызстан

9 486 674

9 486 674

9

Социал-Демократтар

16 404 744

16 403 624

10

Мекен Ынтымагы

7 493 010

7 493 010

11

“Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”

10 788 264

10 788 264

12

Ордо

14 430 000

14 430 000

13

“Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“

50 323 758

50 323 758

14

Республика

51 847 905

51 847 905

15

Кыргызстан

123 918 707

123 646 285

16

Чоң Казат

6 788 914

6 788 914

 

Бардык саясий партиялар боюнча:

668 865 108

668 572 980

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобуКөбүрөөк маалыматты бул жерден жүктөөгө болот: Кирешелер жана чыгымдар