БШК Ө.Ч. Текебаевдин арызы боюнча чечим кабыл алган жок

12 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин аны 6-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо жөнүндө арызы боюнча чечим кабыл алган жок.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ө.Ч. Текебаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 жана 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 чечимдерин жокко чыгарууга байланыштуу арыз келип түштү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 чечимине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде “Ата Мекен” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты “Ата Мекен” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер И.Т. Гайпкуловго өткөрүп берилген.

Ө.Ч. Текебаев арызында Ө.Ч. Текебаевге жана Д.Т. Чотоновго карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октрябрындагы өкүмү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтомуна ылайык жокко чыгарылганын белгилейт.

Арызга ылайык “депутаттын мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу үчүн мыйзамдуу негиздер жараксыз болуп калгандыктан жана азыркы учурда жок болгондуктан” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ага карата мурда кабыл алынган чечимдерин жокко чыгарууну жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын ага кайтарып берүүнү өтүнөт.

Арыз берүүчү берген материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышта БШКнын 8 мүчөсү катышкандыктан Ө.Ч. Текебаевдин 6-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо жөнүндө арызы боюнча чечим кабыл алган жок. Экөө каршы добуш берди, ал эми чечим кабыл алуу үчүн 8 добуш керек.

КР БШК маалымат бөлүмү