Мурат Шамиль Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

12 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-октябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы №221 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.

Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 3 талапкер – Карабаев Жыргалбай Алышович, Керимкулов Серик Сабырбекович жана Мурат Шамиль катталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген, ага Көк-Ой айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и катышкан. Добуш берүүдө Ж.А. Карабаев менен С.С. Керимкулов добуш алган эмес, Мурат Шамиль 14 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш берилген эмес.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 7-октябрындагы шайлоонун натыйжасы тууралу протоколу менен Мурат Шамиль Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп аныкталган.

Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.

КР БШК маалымат бөлүмү