КР БШК Кара-Таш, Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

12 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-октябрдагы өз жыйналышында Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш, Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады.

Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы №61 буйругу менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мамарасулов Баатырбек Сулайманович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы №27-б буйругу менен Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбаев Майрамбек Жекшенович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы №28-б буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш, Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 30-октябрына дайындалды, шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин  өткөрүлөт.

Ноокат жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү