Башкы Жаңылыктар БШК 2020-жылдын 6-ноябрына чейин жаңы шайлоонун күнүн дайындоо …

БШК 2020-жылдын 6-ноябрына чейин жаңы шайлоонун күнүн дайындоо боюнча чечим кабыл алат

09-Окт, 2020

2020-жылдын 6-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы №249-токтому менен, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторундагы добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 38-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, эгер шайлоолор жараксыз деп же болбой калды деп табылса, талапкерлер, саясый партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча шайланбаса, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоолор бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары менен өткөрүлөт.

Ошентип 2020-жылдын 6-ноябрына чейинки убакытта Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындалганга чейин парламентте жарандардын кызыкчылыгын көздөгөн саясый күчтөрдүн өкүлдөрүнүн кеңири болушу үчүн мыйзамдык деңгээлде укуктук шарттарды түзүүнү, шайлоодон кийинки тобокелчиликтерди төмөндөтүү максатында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кабыл алуу, так айтканда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун ылдыйлатуу жана шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн ылдыйлатууну маанилүү деп эсептейт. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-октябрда КР Жогорку Кеңешине кыска мөөнөттө төмөнкүлөрдү карап берүүнү өтүнүп, кайрылууну чечти:

  • парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун жана шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн ылдыйлатуу маселелери;
  • шайлоо дарегин өзгөртүү укугун колдонуу тартибин (форма 2 боюнча арыз) өзгөртүү маселелери: шайлоо дарегин өзгөртүүнү бир эле жолу жасоо бөлүгү боюнча, бир облустун аймагында шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салуу, ошондой эле арыздарды кабыл алууну добуш берүүгө 30 күн калганда токтотуу боюнча;
  • иш – аракеттери шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп таанууга алып келген саясый партиялардын кайра шайлоого катышуусун мыйзамдык жөнгө салуу маселеси.

Ошондой эле Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине КР БШКсына – “Бир Бол”, “Чоң казат”, “Республика”, “Мекенчил”, “Реформа”, “Ыйман нуру”, “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ордо”, “Афганистандагы жана башка локалдык согуштардын ардагерлеринин саясый партиясы”, “Социал-демократтар” сыяктуу 12 саясый партиялардан түшкөн арызды “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” саясый партияларынын мыйзам бузууларына укуктук баа берүү максатында жөнөтүү чечилди. 

Ошол эле учурда мыйзам бузууларды көрсөтүп далилдеген фото-видео материалдарды БШК арыз берүүчүлөргө Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберүүнү сунуш кылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык мыйзам тарабынан шайлоону жараксыз деп таанууга алып келген аракеттерди жасаган талапкерлердин кайра шайлоого катышуусуна тыюу салгандыгын белгилейт. Шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берген саясый партиялардын кайра шайлоого катышуу маселеси мыйзам аркылуу жөнгө салууну талап кылат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>