Бүгүн, 2020-жылдын 4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды

03 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилиндеги иш-аракеттердин Алгоритмин иштеп чыгышты.

Бул алгоритмге ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларынын кире беришинде контактсыз дене табын текшерүү уюштурулат. Участкалык шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү жана шайлоочулар жеке коргонуу каражаттары (бет кап, кол каптар) менен камсыз болушат.

Атайын багыттагы белгиленген сызыктар шайлоочулардын байланышсыз кыймылын камсыз кылууга жана добуш берүүчү жайдын сыртында да, ичинде да 1,5 - 2 метр социалдык аралыкты сактоого жардам берет.

Оорунуу жугузуп алуу коркунучун жоюу үчүн шайлоо участкалары үзгүлтүксүз тазаланып турат.

Обсервацияда дарыланып жаткан адамдар, оорунун белгилери бар же бейтаптар менен байланышта болгон жана жигердүү шайлоо укугунан пайдаланууну каалаган шайлоочулар 2020-жылдын 2-октябрына чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 3-октябрында шайлоо участкасынан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арыз менен кайрылышы керек.

Шайлоо процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында республиканын бардык шайлоо участоктору жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Тактап айтканда, төмөнкүлөр алынган:

  • Антибактериалдык салфеткалар – 9 000 таңгак
  • Спирттелген салфеткалар (1 топтомунда 200 даанадан) – 36 440 таңгак
  • 50 мм кагаз скотчу (белгилөө үчүн) – 4 924 даана
  • Санитайзер – 10 400 литр
  • Контактсыз термометр – 2 480 даана
  • 3 катмарлуу бир жолку бет кап – 3 410 000 даана
  • kn95 респиратор-бет кап – 123 920 даана
  • Полиэтилен кол кап – 2 972 000 даана
  • Комбинезон – 12 970 даана
  • Нитрил кол кап – 94 500 даана

КР БШК маалымат бөлүмү