КР БШК Төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкулова жана КР БШК мүчөлөрү И.Д. Кадырбеков, А.Ж. Баялинов Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорду уюштуруу Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 21-конференциясына катышышты
27 сентября 2012
2012-жылдын 13-сентябрынан 15-сентябрына чейин КР БШК Төрагасынын орун басары Шайымкулова Айнура Токтогуловна жана КР БШК мүчөлөрү Кадырбеков Ишенбай Дюшембиевич, Баялинов Абдысамат Жылтырович Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өткөн “Шайлоо процессине аялуу топторунун катышуусу: улуттук азчылык жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар” Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорун уюштуруучуларынын Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү
21- конференциясына катышып келишти.
Аталган конференциянын негизги максаты калктын аялуу топторунун катышуусунун маанилүүлүгүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу жана шайлоо процессине мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улуттук азчылыктын катышусуна мүмкүндүк ачуу жаатында тажрыйба алмашуу болгон. Конференциянын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары шайлоо процессине улуттук азчылыкты жана аялуу топторду кошуу боюнча тажрыйба алмашышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
