БШК коммерциялык эмес уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүлөрүнө көңүл бурду
30 сентября 2020
2020-жылдын 30-сентябрында өткөн отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КРнын БШКсына коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн, 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилиндеги жүрүшүнө байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүлөрдү эске алды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ №139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды.
Бул чечимди аймактык комиссияларга жана участкалык шайлоо комиссияларына коммерциялык эмес уюмдардан коомдук байкоочуларды каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн жиберүү чечими кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
